Онтарио соту түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясынын ишине байланыштуу "Кыргыз алтындын” апелляциялык арызын канааттандырды. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Соттук өкүлчүлүк боюнча борбору түркиялык аталган компаниянын ишине байланыштуу арбитраждык доо боюнча Канаданын аймагында Эл аралык доолорду жөнгө салуу борборунун 2009-жылдын 9-сентябрында кабыл алган чечимин аткарууга байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт:
"2014-жылдын 15-апрелинде Онтарионун Жогорку Соту “Систем Мүхендислик” компаниясынын ишине байланыштуу чечим чыгарган. Анда "Кыргыз алтын" ААКсы “Центерра Голддун” акцияларына бенифицардык укукка ээ экени жана шериф чечимди аткаруу үчүн аталган акцияларды жана дивиденддерди камакка алуусу тийиш экени айтылган.
Онтарионун Жогорку Сотунун бул чечимине каршы “Кыргыз алтын” ААКсы 2014-жылдын 15-апрелинде апелляциялык арыз жолдоп, соттун чечимин аткарууну токтотууну суранган. 2015-жылдын 19-июнунда Онтарионун Апелляциялык соту “Кыргыз алтын” ААКсынын апелляциясын канааттандырып, Онтарио Жогорку Сотунун судьясы Торбондун 2014-жылдын 15-апрелиндеги чечимин жокко чыгарды.
Мындай чечимди кабыл алууга Онтарионун Жогорку Соту 2014-жылдын 15-апрелинде чечим чыгарууда соттук процедураны бузуу менен Канаданын мамлекеттик иммунитети тууралуу мыйзамдарында талап кылынган сот чечими тууралуу Кыргыз Республикасын кабардар кылбаганы негиз болду".