Кыргыз мамлекети көп тараптуу Соода жана өнүктүрүү банкынын курамына киргени жатат

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 22-июндагы жыйынында "1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы тууралуу макулдашуунун беренелерин ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун дароо 3 окууда жактырды. 

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, Кыргыз Республикасы Соода жана өнүктүрүү банкынын курамына кирүүдө. Өлкөнүн мүчөлүк акысын төлөө үчүн Түркия 6 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бермекчи.

Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Соода жана өнүктүрүү банкы - ички аймактык сооданы өнүктүрүү жана Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдү экономикалык өнүктүрүүнү тездетүү, экономикалык демилгелерди илгерилетүү, каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында Иран, Пакистан, Түркия тарабынан негизделген көп тараптуу каржы уюму.

2005-жылы түзүлүп, 2008-жылы ишин баштаган. Башкы кеңсеси Стамбулда жайгашкан, Карачи (Пакистан) жана Тегеран (Иран) шаарларында өкүлчүлүктөрү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан