Эльвира Сариева Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура окуу жайында болду

22-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура окуу жайына барды. Бул тууралуу 23-июнда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Окуу жайдын жетекчилиги жана жалпы жамааты менен жолугушуунун жүрүшүндө Эльвира Сариева жылдын башталышында жарыяланган жаңы эрежеге ылайык окуу жайга кабыл алууда босого балл 110 баллдан төмөн болбошу керек экендигин эскертти.

Эскерте кетсек, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында алынган босоголук балл (110 балл) мамлекеттик жана менчик окуу жайлардын окутуунун контракттык жана бекер формасына карабастан, баарына бирдей бекитилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан