Кыргыз жеринде 5 айда 18 миллиард сом салык чогултулду
2015-жылдын
январь-май айларында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы
тарабынан 18 миллиард 382 миллион сом суммасында салыктар жана төлөмдөр
чогултулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган мекемеден кабарлашты. Салык чогултуу планы 5 айдын жыйынтыгы боюнча 102,2 пайызды түзүп же 401,1 миллион сомго ашыгы менен
аткарылганы айтылды. "Мурунку жылдын алгачкы 5 айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 2 миллиард 561 миллион 200 миң сомго же 16,2 пайызга жогорулаган",- деп билдирет мекеме.