Өмүрбек Текебаев: “Центерра” быйыл "Кумтөрдө" 13 миллион метр куб мөңгүнү талкалаганы жатат”

"Учурда өлкөбүз “Кумтөр” боюнча канадалык "Центерра" компаниясынын талабына баш ийүүдө". Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, "Центерра" компаниясы өлкөбүздүн мөңгүлөрүн талкалоо менен мамлекетке 5 миллиард долларга зыян келтирген.

Давыдов мөңгүсүндө буга чейин 80 миллион метр куб мөңгү жок кылынган. Былтыр компания 13,8 миллион метр куб мөңгүнү жок кылса, быйыл болсо 13,9 миллион метр куб мөңгүнү жок кылганы турат. Эмдиги жылы 25 миллион метр куб мөңгүнү талкалаганы турат. "Центерра" эми башка мөңгүлөрдү талкалоого жол бергиле деп сурап жатат. Алардын айтымында, биздин өлкөдө жайгашкан мөңгүлөр ансыз да эрип кеткени турат. Атажанов (Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы) "Центерранын" сөзүн сүйлөп, мөңгүлөрдү коргоо керек дегендин ордуна, аталган компания мөңгүлөрдү талкалай берсин деп жатат”,- дейт Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан