Спайс сатылган ресторандар, кафелер жана башка эс алуучу жайлар убактылуу жабылышы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында каралды. Аны депутаттар Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев демилгелеп чыгышты.
Алардын айтымдарында, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана психотроптук заттарды жарандардын массалык жүргөн жерлеринде (ресторандарда, кафелерде, барларда, казинолордо, дискотекаларда) мыйзамсыз керектөө фактылары катталып, бирок мекеменин жетекчилиги каршы аракеттенүү чараларын көрбөсө, мындай объекттердин ишин 3 айга чейинки мөөнөткө токтотуу сунушталууда. "Ал эми жыл ичинде ошол эле максатта аларды кайталап пайдалануу фактысы белгиленсе, 6 айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтотулмакчы. Эгерде мындай чаралардан кийин мекемелер психикалык активдүү заттарды керектөө же сатып өткөрүү үчүн пайдаланууну уланта беришсе, алардын иши токтотулууга тийиш",- дешти депутаттар.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда жактырышты.
Айта кетсек, спайс (англ. "spice" – "татымал", "даам") – чегүүчү чөп аралашмасынын бир түрү, анын курамына химиялык синтетикалык заттар, эногенестер (курамына баңги кылуучу таасир көрсөткөн заттар кирет) жана кадимки чөптөр кирет.