"Центерраны" алтынды жер алдынан казууга мажбур кылышыбыз керек" дейт Өмүрбек Текебаев

"Центерраны" алтынды жер алдынан казууга мажбур кылышыбыз керек". Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 23-июнда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, келишим боюнча “Центерра” "Кумтөрдөгү" алтынды мөңгүнү бузбастан, жер алдынан казып алуусу шарт.

Жер алдынан казса, алардын чыгымы көбөйөт, кирешеси азаят. Бул "Центерранын" акциясынын баасы түшөт дегенди билдирет. Эгер "Центерра" кенди жер астынан казууну баштаса, анын жумушу көбөйөт, учурдагыдай 2 миң эмес, 4 миң жумушчу иштеши керек болот. Алардын айлыктары да көтөрүлөт. Бул өз учурунда бизге түшкөн социалдык төлөмдөрдүн көбөйүшүнө алып келмек. Экологиябыз сакталат. Бирок бүгүнкү күндө бул компания кенди жер үстүнөн казып, кайра кызматкерлеринин санын азайтууда”,- деп түшүндүрдү Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан