Ала-Букада жол кырсыгына кабылган бүтүрүүчүлөрдүн абалы оор бойдон калууда

Ала-Букада бүтүрүү кечесин белгилөө маалында жол кырсыгына кабылган бүтүрүүчүлөрдүн абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 23-июнда Ала-Бука аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Бактыгүл Алибаева билдирди.
Анын айтымында, жаракат алгандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат.
"22-июнда саат 19:30 чамасында жол кырсыгына кабылган үч кыз, үч баланы алып келишкен. Бир кыз менен бир баланын абалы өтө оор бойдон калууда. Баланын мээси чайкалган. Жалал-Абад облустук ооруканасынан нейрохирург чакырылды. Кыздын көк боору жана бөйрөгү айрылып кеткен",- деди дарыгер.
Эске салсак, Ала-Букада бүтүрүү кечесин белгилеп жаткан окуучулар жол кырсыгына кабылып, 2 окуучу жана 1 оператор набыт болгон. Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу жана калган 5 окуучу ооруканага жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nurchik05
2015-06-23 15:53:28
Эч эле ушул нерсеге богот ккойо албай койдукко
0
kirgizstan
2015-06-23 16:18:26
Ойундан от чыгат деген ушуда жакшы болуп кетишсин ылайым
0
talant87
2015-06-23 16:20:37
ага ата Эне кошо жардам бериш керек МАЙ кызматкерлери машина минген окуучуларды (правасы жок болсо) жазасын бериш керек акча алабербей
0
marmilantka
2015-06-23 16:31:22
Ажалы жетиптир еле да.
0
Bera.N
2015-06-23 16:40:22
Менин классташтарым))батыраак сакайып кеткиле
0
Abzel
2015-06-23 23:29:15
Bera.N,
Сен жок белен арасында
0
Abzel
2015-06-23 23:28:27
23.06
Дагы бир бала каза болду(((((
0
yrysbek
2015-06-24 13:27:27
Ошол мектептин жетекчилигин баарын жумуштан бошотуп, камалсын деп айтаар элем, ошол мугалимдердин Окмоттун чыгарган буйругун аткарбастан шалаакылыгынын айынан ушул нерсе болуп олтурат, тыйбагандыгы учун.
0
007muni
2015-06-27 23:12:36
yrysbek,сенин оюна толук кошула албайм себеби мен оператор болгондуктан ата-энелер оздору чогулуш откоруп милиссиялардан уруксат алып бергенин оз козум менен кордум. себеби мен да быйыл бутуруучу класстарды тасмага тарттым эле.
0
Bakyt-nuru
2015-06-24 14:53:15
Тилек (оператор), сагындым сени. Жаткан жерин жайлуу болсун, жашоо сени бизден болду, бирок журогубуздон сууруп ала албайт, сен ар дайым биз менен, биздин журогубуздо сакталасын досум...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан