Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси талкууланып жатат.
Отурумдун жүрүшүндө депутат Феликс Кулов президент Алмазбек Атамбаев менен кабинетте жолугуп, эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн айтып берди. "Биз өлкөнүн мамлекеттик бийлигинин вертикалын бекемдөөнү талкуулаганбыз. Мен погондорду тагып жүргөн адам катары тартипке көнүп калгам. Ошондуктан Баш мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштагам",- деди Кулов.
Андан кийин депутат Мыктыбек Абдылдаев да өлкө башчы менен ушул маселени талкуулаганын ортого салды. "Мен президентке Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөй эле коёлу дегем. Ал менин айтканыма макул болгон эле",- деди Абдылдаев.