Шашылыш билдирүү! 24-27-июнь аралыгында өлкө аймагында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн

24-июндан 27-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Өлкөнүн айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен нөшөрлөгөн жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 25-июндан 27-июнга чейин абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында кескин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kirgizstan
2015-06-23 16:47:06
Кудай сактасын тынч эле жаап отсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан