Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү: "Жол кырсыгына кабылгандардын экөөсү гана мектеп бүтүрүүчүсү болгон"

"Ала-Бука районундагы жол кырсыгынын бүтүрүү кечесине байланышы жок, себеби унаада ар кайсы курактагы жарандар болушкан". Мындай билдирүүнү Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө шилтеме берүү менен 23-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы таратты.

Маалыматта райондун аймагында эч кандай бүтүрүү кечелери, автоунааларды кууша айдаган фактылар катталбаганы айтылат.

"Билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи саат 10:00дөн 12:00гө чейин болуп өткөн. Ал эми окуядан жабыркагандар (баары 1997-жылы туулган) студенттер болушкан, алардын экөөсү гана мектептин бүтүрүүчүлөрү. Үчөөсү болсо мектепти 9-класска чейин окуп, кийин колледжде билим алган студенттер. 

Учурда Ала-Бука РИИБи тарабынан соттук-медициналык, биологиялык, химиялык жана автотехникалык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат",- деп билдирет Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында болгон жол кырсыгында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 3 жүргүнчү окуя болгон жерден каза тапкан. Калган 5 жүргүнчү жана 1991-жылы туулган айдоочу аймактык ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azamat.abdrahmanov
2015-06-23 18:47:44
кайсыл айылдын тургундары экен
0
Bera.N
2015-06-23 19:33:19
Azamat.abdrahmanov, Центрдеги Турабаев мектебинин окучулары экен...
0
sergo
2015-06-24 03:46:07
Дайыма хонда одисей авария болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан