Парламенттин тармактык комитети элдик мыйзам чыгаруу демилгеси боюнча мыйзамга өзгөртүүнү киргизүүнү колдоду

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 23-июндагы отурумунда элдик (10 000 жана андан ашык жаран) мыйзам чыгаруу боюнча демилге 2-окууда каралды.

Бул долбоор менен депутат Дастан Бекешев элдик мыйзам чыгаруу демилгесин парламентке жеткирүү мөөнөтүн 65 күндөн 23 күнгө чейин кыскартууну демилгелөөдө. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, экспертизага 10 күн, каттоодон өтүүгө 10 күн, каттоо жөнүндө чечим кабыл алышына 3 күн деп өзгөртүлмөкчү.

Талкуунун жыйынтыгында комитет долбоорду 2-окууда жактырды.

Айта кетсек, азыркы мыйзамга ылайык, элдик демилгелерди экспертизадан өткөрүүгө 30 күн, каттоодон өткөрүүгө 30 күн жана Юстиция министрлигинин демилгечи топтун каттоо жөнүндө чечимди кабыл алышына 5 күн бекитилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан