Жогорку Кеңештин
Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 23-июндагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү сунушун жактырды. Добуш берүүдө аталган чечимге комитеттин 6 мүчөсү макул болду. Бир эле депутат
Абдыжапар Бекматов "каршы" добушун берди. Ал атайын комиссия түзүүнү сунуштады.
Айта кетсек,
Жогорку Кеңештин КСДП, "Ар-намыс" жана "Ата Мекен" фракциялары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын мөөнөтүнө чейин кызматтан кетирүүгө макулдук берди. Буга 10-июнда Жогорку Кеңештин Б.Аманбаевдин "2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" жылдык баяндамасына "канааттандырарлык эмес" деген баа берүүсү негиз болду.