Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 23-июндагы жыйынында өкмөттүн 2015-2017-жылдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбоору каралды. Экономика министри Олег Панкратовдун билдиришинче, ушу тапта 17 мамлекеттик мүлктүн үлүшүн жеке менчикке сатуу пландалууда. Сатылчу мүлктөрдүн эң ириси - 100 пайыз мамлекеттин үлүшүнөн турган "Альфа Телеком" ("MegaCom") компаниясы. Анын баштапкы баасы болжол менен 300 миллион долларды түзөт, бирок ал сатуунун жүрүшүндө дагы кымбатташы мүмкүн.
Министр: "Азыркы учурда атаандаш компаниялар арбып, кардарлардын басымдуу бөлүгү компьютерге өтүп жаткандыктан, айрым кооптуу жагдайлар жок эмес. Андан сырткары экономикалык жана соттук жагдайлар да бар. Бул ишкананын тагдырын азыртадан ойлонушубуз керек. Бара-бара азыркыдай абал жаман жагына өзгөрүп, анын акцияларынын куну түшүп кетиши мүмкүн. Мындай мисалдар биздин тажрыйбада бар",- деп билдирди.
Жыйында мамлекетке караштуу "Кыргыз почтасы" ишканасын 100 пайыз мамлекеттин үлүшүнөн турган өз алдынча чарбалык субъектиге айландыруу боюнча да чара көрүлөрү белгилүү болду. Комитет мүчөлөрү өкмөттүн 2015-2017-жылдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбоорун жактырышты.