Алмазбек Атамбаев Кыр-Жол айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга 8 үй курууга 11 400 000 сом бөлдү

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кыр-Жол айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга 8 үй курууга 11 миллион 400 миң сом бөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Каражат Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каржылык колдоо көрсөтүү үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү.

Эскерте кетсек, туура бир ай мурун Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, 5 үйдү басып калган. Кырсыктан 6 адам каза болгон эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан