“Өлкө экономикасынын ийгиликтүүлүгү мыйзамдардын сапатынан көз каранды”. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 23-июнда өкмөткө караштуу Регулятивдик реформа боюнча кеңештин жыйынында айтты.
Жыйында экономика министри Олег Панкратовдун реформалоонун иштиктүү органы тарабынан учурда 72 миңден ашуун ченемдик-укуктук акттарды алгачкы талдоосу жүргүзүлгөнүн маалымдады. Өз кезегинде мамлекеттик орган, бизнес жана эксперттик өкүлдөр активдүү иш аткарып, 1-июлдан тарта жалпысынан 3270 акт талдоого алынат.
Мындан тышкары Панкратов коом жана өлкө үчүн натыйжалуу иш аткаруу иретинде ыкчам реформалар үстүндө иш алынып барылып жаткандыгын белгиледи, анын натыйжалары күз айларына карата байкала баштайт. Бул жаатта фокус-топтор жана 20дан ашуун бизнес-ассоциация өкүлдөрү менен консультациялар өткөрүлгөн. Натыйжада ыкчам ишке ашырылуучу бир нече багыт аныкталган.
Жыйын соңунда Темир Сариев учурдун талабы ыкчам чечимдерди талап кылып жаткандыгын, аталган маселе коом жана өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү экенин дагы бир ирет белгиледи.
“Мамлекеттик органдар бул курч маселеге өзгөчө көңүл бөлүп, олуттуу мамиле кылуусу зарыл. Өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге кошулуусу алдында аталган маселенин ыкчам чечилиши мамлекеттин атаандаштыгын күчөтүүгө шарт түзөт. Өлкөбүздө мындай масштабдуу иш алгач ирет өткөрүлүп жатат, бул бизнеске оң таасир берет”,- деди премьер-министр.
Темир Сариев Экономика министрлигине ар ай сайын реформанын жүрүшү жана ага тоскоолдук келтирип, жоопкерчиликсиз мамиле кылып жаткан мамлекеттик органдар тууралуу маалымат берип турууну тапшырды. Ошондой эле протоколдо ар бир жетекчинин алдыга коюлган милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруусундагы жеке жоопкерчилиги каралуусун кошумчалады.