Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында 22-июнда Чаңгыр-Таш айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Н.С.Хамидов Сузак райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган. Ал жерден "сибирь жарасы оорусунун тери формасына күмөн" деген диагноз божомолдонуп, ооруканага жаткырылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, Н.С.Хамидовдун анализи лабораториялык изилдөөгө Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жөнөтүлдү.