Жогорку Кеңештин төрагасынын тескемесине ылайык, 2015-жылдын 26-29-30-июнь күндөрү Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары өтөт. Ушуну менен парламент ишин токтотуп, депутаттар күзгө чейин каникулга тарашат. Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 24-июнда парламент жыйынында кезексиз жыйындарды чакыруу чечимин кабыл алганын, Координациялык кеңеште кезексиз жыйындардын күн тартибинин долбоорлору бекитилгенин билдирди.