Санариптик берүүгө өтүүдө жакыр үй-бүлөлөргө ресивер жабдуусун алып берүүгө мамлекет 20 миллион сом бөлөт

Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2015-жылга такталган бюджети 3,1 миллиард сомду түздү. Министрликтин такталган бюджети бекитилген бюджетине салыштырмалуу 793,9 миллион сомго көбөйөрүн бүгүн, 24-июнда Каржы министрлигинен билдиришти. 

"770,9 миллион сомду түзгөн кошумча каражаттардын 13 миллион сому жол тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу, 20 миллион сому санариптик телеберүүгө өтүүдө калктын аз камсыз болгон катмарын ресиверлер менен камсыздоого жумшалат. Мындан сырткары Ош - Баткен - Исфана жолунун Көк-Талаа - Пүлгөн жер тилкесиндеги жасалган жумуштарга 50 миллион сом, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусуна байланышкан маалымат системин түзүү, жабдуу жана ишке киргизүүгө Орусия тарабынан көрсөтүлгөн гранттык каражаттардын эсебинен 687,9 миллион сом бөлүнөт",- деп билдирет министрлик. 

Айта кетсек, санариптик сигналды кабыл алышы үчүн сыналгыларга ресивер жабдуусун сатып алуу керек болот (баасы 1500 сомдон 5000 сомго чейин)Эгер сыналгыда DVB-T2 мүнөздөмөсү бар болсо, анда ресивер сатып алуунун кереги жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан