Ысык-Көл районунда 9 эс алуучу жай талапка жооп бербегендиктен жабылды. Муну бүгүн, 24-июнда Экологиялык жана техникалык инспекциянын аймактык жетекчиси
Таалайбек Карасартов билдирди. Анын айтымында, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында кээ бир пансионаттарда таза суу менен саркынды суулар аралашып калганы аныкталган.
"Тоң районунда 7 эс алуучу жана ден соолукту чыңдоочу жайларынын ишин токтоттук. Алар чыпкалоочу жайларын оңдоп-түзөп же жаңы курушу керек. Учурда аны салууга эң аз дегенде 50 миң доллар талап кылынат.
Муну менен катар облуста Совет доорунан калган саркынды сууларды тазалоочу объектилер кир сууну 40-50 пайызга гана тазалап жатат. Бул экологиянын бузулушуна алып келет. Ошондуктан нормага жооп бербеген, тегерек-чети тосулбаган чыпкалоочу жайлар да жабылууда",- дейт Карасартов.