Ош шаарында дагы бир балдар аянтчасы ачылды

Бүгүн, 24-июнда Ош шаарынын Ак-Буура аймактык кеңешиндеги Верхне-Увам көчөсүндө балдар аянтчасы ачылды. Ачылыш аземине шаар мэри Айтмамат Кадырбаев катышты.

Мэриядан кабарлашкандай, калаа башчысы жыл башында аймактык кеңештерде шаар тургундары менен жолугушуу учурунда аталган аймактын жашоочулары балдар аянтчасынын жоктугу туурасында пикирлерин билдиришкен эле. Жолугушууда мэр тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырма берип, тез арада балдар аянтчасын курууга демөөрчүлөрдү тартуу маселеси коюлган.

Натыйжада Бириккен Улуттар Уюмунун “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун Оштогу филиалы тарабынан бул долбоор колдоого алынып, балдар аянтчасын курууга 392 178 сом демөөрчүлүк жасаган. Ага улай Ош шаардык мэриясы тарабынан 181 360 сом каражат бөлүнсө, ал эми жергиликтүү жамааттар тарабынан 30 360 сом каражат жыйналган. Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 603 898 сомго барабар иш аткарылып, кооздукка бөлөнгөн балдар аянтчасы пайдаланууга берилди.

Аталган иш-чарада Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын өкүлү Макико Шинахаро айым жана жергиликтүү тургундар сөзгө чыгышып, наристелердин кубанычтарын тең бөлүшсө, музыканын коштоосунда таланттуу жаштар бий бийлешти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
paula.90
2015-06-24 18:43:53
Кичинекей эле аянтча учун ушунча акча сарпташыппы?
-1
bakyt_2015
2015-06-24 20:30:46
paula.90, Салып бергенине кудай де салбай эле болушуп кетсе кантет элек.
0
semakg
2015-06-24 20:35:00
paula.90, Жарымы сол чонтокко кеттида. Чындыгында мен бул акчага мындайдан учту салып бермекмин. 2селкинчек 2сыйганчык 1олтургуч куруп койсо эле 600мин кетет экенда э? Мейли кантседа курулуп калыптыр. Негизи биздикилер жемей сайын иш баштабайтда озу. Менин аяшэнем айылда балдар бакчасына мындан сонун кылып аянтча жасаткан демек аяш энем млн. сом коротуп коюптурда анда жана эч кимди чакырып лента кесип мактанганда эмес.
0
asilkg
2015-06-24 21:35:22
Начар.сапатты дагы начар корунот мындай балдар аянтчасы ар бир двордо болуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан