Бир жыныстуу мамилелерди жайылтууга тыюу салынат. Буга байланышкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 24-июндагы жыйынында экинчи окууда колдоду. Ага 90 депутат "макул" деп добуш берсе, 2 депутат "каршы" добуш берди. Мыйзамга ылайык, салттуу эмес жыныстагылардын мамилесин даңазалагандар 6 айдан 1 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле лесбиянкалардын бирикмесин түзүүгө жана алардын укугун коргоого тыюу салынат. Мыйзам демилгечилери бул чаралар коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого негиз болот деп билдиришүүдө. Аталган мыйзам долбоору - Жогорку Кеңештин 27 депутатынын демилгеси.