1-сентябрга чейин автоунаага салык төлөбөгөн жаранга 2 миң сом айып пул салынат

Автоунаа салыгын 2015-жылдын 1-сентябрына чейин төлөө керек. Мындай эскертүүнү бүгүн, 24-июнда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, унаа ээлери аталган салыкты транспорт катталган аймак боюнча Салык кызматына төлөшү зарыл. Эгер унаа ээси кандайдыр бир себептер менен башка шаарда же өлкөнүн облусунда болуп, белгиленген мөөнөткө чейин унаа катталган жайга келе албаса, салыкты банк аркылуу төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Мындай учурда унаанын катталган жерин техникалык паспорт боюнча белгилөө милдеттүү болот. Салык төлөбөгөндөргө төмөнкү айыптар каралат: юридикалык жактарга - 5 миң сом, жеке жактарга - 2 миң сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
paula.90
2015-06-24 19:39:08
Кандай салык канчадан?ай сайын толошобу
0
Abu04
2015-06-25 08:37:04
paula.90,унаа салыгы мурунку тех.осмотр. жылына бир жолу төлөнөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан