Жалпы республикалык тестирлөөдө мыкты көрсөткүчкө быйыл да Бишкектеги №61-мектеп-лицейдин бүтүрүүчүлөрү ээ болушту

Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, 54 алтын сертификат алуучулардын 18и Бишкектеги №61-мектеп-лицейдин бүтүрүүчүлөрү болуп чыкты. Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүтүрүүчүлөргө алтын сертификаттарды тапшырат.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы аталган тестти тапшырууга 52 051 мектеп бүтүрүүчүсү катталып, тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 54 окуучу мыкты көрсөткүчтөргө жетишти. Мындан сырткары аймактарда 16 окуучу жогорку упай (217-222) алышкан.
Алтын сертификат алуучулардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү. Алар: Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи, "Айчүрөк" Кыргыз-Түрк лицейи, Кыргыз-Орус Славян университетинин астындагы мектеп, Медициналык академиянын алдындагы лицей жана башка мектеп-лицейдин бүтүрүүчүлөрү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан