Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 25-июнда саат 20:00гө чейин иштешет. Мындай чечимге жыйынга катышып жаткан 100 депутаттын 66сы "макул", 7си "каршы" добуш берди. Калган эл өкүлдөрү добуш берүүгө катышкан жок. Регламентке ылайык, депутаттардын жумуш убактысы саат 18:00дө аяктоого тийиш эле, бирок күн тартибинде каралуучу маселелердин көптүгүнөн ушундай чечим кабыл алынды.
Кошумчалай кетсек, 26-29-30-июнь күндөрү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйындары өтөт. Буга күн тартибине киргизилген маселелерди кароо зарылдыгы себеп болууда. Бул күндөрү да депутаттардын жумуш убактысы узартылышы мүмкүн.