"Ата Журт" парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп
Тимур Муратов келди. Ал бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында ант берди. Ант берүү аземинен кийин төрага
Асылбек Жээнбеков жалпы эл өкүлдөрүнүн атынан аны парламенттин депутаты болушу менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Айта кетсек, Тимур Муратов мурдагы депутат Майрамкан Кадырбекованын ордуна келди. Кадырбекованын депутаттык мөөнөтү өзүнүн жазган арызына ылайык токтотулган.