Президент жалпы республикалык тестирлөөдө аймактарда жогорку упай топтогон 16 окуучуга Ардак грамоталарды тапшырды

Бүгүн, 25-июнда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен 54 бүтүрүүчүгө алтын сертификаттарды тапшырды.

Мындан тышкары өлкө башчысы аймактардагы мектептерди аяктаган 16 бүтүрүүчүнү Ардак грамоталар менен сыйлады. Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын аймактарынан келген окуучулар тесттен жогорку 217-222 упай топтошкон. Ал эми бардык окуучуларга планшет жана 10 миң сомдук стипендия ыйгарылды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан