Рейд жүрүүдө: Жыл башынан бери 29 жаран лицензиясы жок акча алмаштыруучу жай ачкан

Быйылкы жылдын 1-январынан 1-июнга чейин Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгында 29 жаран лицензиясы жок акча алмаштыруучу жай ачканы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Улуттук банктын өкүлдөрүнүн журналисттердин коштоосунда уюштурган акча алмаштыруучу жайларды текшерүү маалында белгилүү болду. Мыйзам бузгандарга карата административдик чаралар көрүлүп, айып пул салынган. Анын республикалык бюджетке түшкөн суммасы 43 500 сомду түзгөн.
Улуттук банк атайын уруксаты жок акча алмаштыруучу жайлардан акча алмаштырбоону эскертет. Алданып калуу коркунучу бар. Ал эми лицензиясы бар бюролор аталган документти кардарлар үчүн көрүнүктүү жерге илиши абзел.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2015-06-26 11:24:16
Уруксаты жок ачкандарга чооң өлчөмдөгү айып пул салыш керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан