Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 245-262-264- чакырымына тоо боорунан түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган тилкеде № 955 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Жерине бир даана погрузчик жана автогрейдер техникасы тартылган.
"Кечээ, 9-июль күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 245–262-264-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, жолго таштар кулаган",- деп айтылат маалыматта.
Министрлик учурда жол ачылып, каттам бар экенин белгиледи.