Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгынын негизинде Талас облустук сотунун судьясы Бакыт Өмүралиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу 26-июнда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Өмүралиев Бакыт
Социаловичтин 2015-жылдын 27-апрелинде каза болгонуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет",- деп айтылат маалыматта.