Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Бүгүн, 26-июнда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда өлкө башчы мамлекеттик чек араны коргоо жана чек ара коопсуздугун бекемдөө жаатында аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат алды. Ошондой эле Райимберди Дүйшөнбиев эл аралык мамилелер, КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара аскердик бөлүктөрүнүн башчыларынын 37-отурумунун жыйынтыктары тууралуу айтып, Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азия аймагындагы мамлекеттердин чек арасындагы коопсуздук көңүл борборунда болгонун кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан