Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Социалдык саясат боюнча комитеттин башчысынын орун басары кызматына Мирлан Бакировду шайлашты. Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу өтүп, анын жыйынтыгында жыйынга келип катталган 70 депутаттын 69у "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди.
Айта кетсек, аталган комитеттин курамында 6 депутат бар. Анын төрагасы - депутат Эркин Сакебаев.