Өкмөт "Центеррага" "Кумтөрдөгү" ишин азыркы абалда улантууга дагы үч ай убакыт бергени жатат. Тийиштүү мыйзам долбоорун өкмөт бүгүн, 29-июнда түштөн кийин Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгат. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештен өздүк булагыбыз кабарлады. Өкмөт сунуштаган бул демилгеге ылайык, канадалык "Центерра" компаниясы "Кумтөрдө" карьердин үстүнө жылып түшкөнү жаткан мөңгүнү улам кесип алып, башка жакка жылдыруу укугун алмакчы.
Буга чейин биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев "Центерра" компаниясы алтын казуу үчүн кенди басып калуу коркунучун жараткан мөңгүнү
башка жерге көчүрүп, иштеп жатканын айткан. "Ал эми аны мыйзамдуу жол менен жүргүзүү үчүн өкмөт “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун аргасыздан сунуш кылууда. Болбосо, "Кумтөр" 6-июлда ишин токтотот",- деген Сарпашев. Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш "Кумтөрдө" мөңгүнү талкалоого жол берчү мыйзамга добуш берүүдөн баш тартты.