Жогорку Кеңеште “Кумтөр” долбоорунун ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы №4841-V токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.
Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү өкмөт башчы Темир Сариев “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөндөн тартып иштеп келатканын айтып, буга качан чекит коюлат деген маселени көтөрүштү.
Сариевдин айтымында, азыр же биздин шарттар менен акциялардын үлүшү 50X50 пайыздык катыштагы биргелешкен ишкана түзүү долбооруна барышыбыз керек, же азыркыдай 33X67 пайыздык катышта калышыбыз керек, бул маселелер иликтенип жатат.
Мындан сырткары кенди ушундай абалга алып келгендер боюнча кимдерге иш козголуп, козголгон иштер кайсы стадияда тургандыгын, экологиялык чыгымдар боюнча соттук териштирүүлөр кайсы деңгээлге жеткендигин коомчулук билиши керектиги белгиленди. “Кумтөр” кенин иштетүүдөн түшкөн каражаттын 1 пайыз которулуп келе жаткан “Ысык-Көл” фондунун ишине көзөмөл жүргүзүлүшү зарылдыгы айтылды.
Ошону менен катар бул маселе боюнча сунушталып жаткан Жогорку Кеңештин токтом долбооруна компаниянын Директорлор кеңешине ачык сынак жарыялоону сунушу менен чыкты. Айрым депутаттардын пикиринде, токтомдун аткарылышынын мөөнөтүн жылдыруу керек.
Жыйынтыгында депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды. Ага ылайык, өкмөткө бир катар тапшырмалар берилди.