Чүй облусунун Кара-Балта шаарында "Суу-каналдын" эки жумушчусун топурак басып калды. Бул тууралуу 30-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2015-жылдын 29-июнунда саат 10:55те Кара-Балта шаарындагы Целинная көчөсүндө шаардык “Суу-канал” ишканасы тарабынан казылган 2,5 метр тереңдиктеги траншеяда иштеп жатышкан 2 жумушчуну топурак басып калган.
Кырсыктын кесепетинен 1955-жылы туулган Ю.Конякин жабыркап, 1952-жылы туулган А.Рябов каза болгон.
Куткаруучулар Ю.Конякинди чыгарышып, "Тез жардам" кызматына салып Жайыл райондук ооруканасына жиберишкен. Ал эми каза тапкан А.Рябовдун жансыз денесин ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.