Москвада элчи Болот Жунусов Орусиянын Кичи мамлекеттик академиялык театрынын көркөм жетекчиси, КРнын жана СССРдин Эл артисти Юрий Соломин менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы 30-июнда билдиришти.
Б.Жунусов орусиялык жана советтик актёрду 80 жаш кутман курагы менен куттуктады. Жолугушууда Юрий Соломин Щепкин атындагы Театралдык окуу жайында билим алган кыргыз студенттерин, алардын катарында кыргыз кинематографиясында керемет эмгектерди жараткан Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев сыяктуу белгилүү инсандарды жылмаюу менен эскерди. Ошондой эле азыркы учурдагы искусствонун абалына кызыкты.