10-июлда парламенттик фракциялар үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди. "Мыйзамга ылайык, 15 күн ичинде фракциялар талапкерлерди сунушташы керек. Фракциялар үчтөн ашык эмес талапкерди сунуштай алышат",- деп эскертти Никитенко.
Экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев 25-июнда акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.