Жогорку Кеңештин депутаттары Феликс Кулов менен Каныбек Осмоналиев бүгүн, 1-июлда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары менен жолугушту. Кулов парламенттеги коалициялык көпчүлүк тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу, күзүндөгү шайлоону таза өткөрүү тууралуу маалымат бергенин ЖКдан билдиришти. Кулов Баш мыйзамга сунушталган түзөтүүлөр зарылдыктан улам келип чыкканын, толуктоо киргизүүдө өлкөнүн башкаруу формасы өзгөрбөй тургандыгын, сунушталган нормалар мыйзам чегинде экенин чечмелеп берди.
Каныбек Осмоналиев быйыл сентябрда мугалимдердин маянасы 50 пайызга көтөрүлөрүн белгилеп, ага бюджеттен 2 миллиард 200 миллион сом каралганын айтты.