Кыргыз Республикасы менен Германиянын ортосундагы KfW`тин жергиликтүү бюросун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосундагы KfW`тин (Kreditanstalt für Wiederaufbau - Германиядагы мамлекеттик банк, андагы акциялардын 80 пайызы Германиянын федеративдүү өкмөтүнө таандык) жергиликтүү бюросун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 1-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Германия тарапка кабарлоо тапшырмасы берилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан