Бүгүн, 2-июлда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин IV жолугушуусу өтүп жатат.
Иш-чарада Бажы кызматы тармактарындагы көйгөйлүү маселелер талкууланууда. КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусовдун айтымында, өлкөдөгү бажы процедураларын эл аралык стандарттарга жеткирүү - иш-чаранын негизги максаттарынын бири. "Бажы кызматынын чечиле элек маселелери бар. Бажы процедураларын жеңилдетүү Борбор Азия аймагындагы коопсуздук үчүн шарт түзөт",- деди Жунусов.
Бул жолугушууда премьер-министр Темир Сариев, Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Кунио Микурия, парламенттин Экономикалык маселелер боюнча комитетинин башчысынын орун басары депутат Курманбек Дыйканбаев, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Рамил Гасанов жана башкалар катышууда.