300 доллар пара менен кармалган Бишкек гуманитардык университетинин проректору боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Мекеме проректордун кармалган учуру тартылган видеотасманы да жарыялады. "Бул факт боюнча жаңы маалыматтар болсо кошумча кабарлайбыз",- деп билдиришти органдан. Эскерте кетсек, 30-июнь күнү проректор О.А. аталган окуу жайдын студенти болгон АКШнын жаранынын дипломдук ишине байланыштуу оң чечим чыгарып берүүнү убадалап, аталган сумманы алып жатканда кармалган.