Эртең, 4-июлда м
едицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өкмөт башчы
Темир Сариевдин катышуусунда веложүрүш өтөт. Жүрүш “Биз саламаттык үчүн!” деп аталат. Бул иш-чарага вице-премьерлер, министрлер жана ведомство жетекчилери да катышат.
Андан кийин өкмөт башчы “Бишкек жылуулук электр станциясы” ишканасынын иши менен таанышууга барат.