Кыргыз мамлекети импорттогон электр энергиясын кошумча нарк салыгынан бошотуучу мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо кирди. Тийиштүү мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 14-июлда президенттик аппараттан билдиришти. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алынган. Мыйзам күз-кыш мезгилинде калкты, республиканын экономика тармагын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган жана өлкөгө импорттолгон электр энергиясын кошумча нарк салыгынан бошотот. 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан