Чүй облусунун Кегети тоосундагы Көл-Төр көлүнүн көлөмү, андан агып чыккан суунун ченеми такталып, дамбанын туруктуулугу изилденди. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 12-июлда тоого Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана байкоо жүргүзүү департаментинин адистери, Чүй облустук башкармалыгынын куткаруучулары чыгышкан.
"Алардын изилдөөсүнөн соң көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык болуп, жырылып кетүү коркунучу жок экени аныкталган. Ага карабай тоо көлүнүн толуу процессин жана жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында, сифон ыкмасы менен көлдүн суусун азайтышты. Адистер Көл-Төр көлүнүн жолунда жайгашкан айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жоктугун билдирди. Кыргызстанда жүздөгөн тоо көлдөрү бар. Алар климаттык өзгөрүүлөргө жараша мөңгүлөрдүн эрүү, суу толуу процессинде", - деп белгиленген маалыматта.