Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин пара алуу кылмышына байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматты четке какты. Буга чейин айрым маалымат булактары пара менен кармалган депутат Хажимурат Коркмазов менен биргеликте Данияр Нарымбаев да кармалганын жазып чыгышкан.
Эскерте кетсек, бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалды. Депутат кесиптеши, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин иши Жогорку Сотто каралганда жардам берем деп экс-мэрдин жакындарынан 200 миң доллар талап кылган. Аталган сумманын жарымын алып жатканда кармалып, учурда сурак берүүдө.
Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевди эки инстанциядагы сот күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Азыркы тапта кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда. Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган.