Орусиянын Ленинград облусундагы курулуш компаниясында иштеген кыргыз өлкөсүнүн жарандары 6-кабаттан кулап кетишти. Кырсыктан Ош облусунда туулган 2 адам набыт болду. Муну 15-июлда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы
Айымкан Кулукеева билдирди.
Кырсыктан жаракат алган Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 1981-жылы туулган Майрамбек Айылчиев ооруканага жетпей жан берген. Кара-Суу районундагы Кызыл-Кошчу айылында 1986-жылы туулган Дамир Амиракулов да ооруканага жетпей каза тапкан. Ошол эле айылда туулган Уланбек Зулпуев оор абалда бейтапканага жеткирилди.
"Жүк-200дү" кыргыз жерине жөнөтүүгө КРнын Санкт-Петербургдагы консулдугу көмөктөшүүдө. Каражат жагын кыргыз жарандары иштеген "Петрострой" курулуш компаниясы моюнуна алат.