Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Тийиштүү аймактардын ортосунда жана тиешелүү аймактардын чегинен тышкары аба катнашы жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 22-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө араб тарапка билдирүү жиберүүгө милдеттендирилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.