Красноярсктагы жол кырсыгынан 11 адам каза таап, жаракат алгандардын саны 40ка жетти. Жаракат алгандардын 35и ооруканага жеткирилди, калган 5 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу 22-июлда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Бүгүн эртең менен М-53 Байкал унаа жолунда автобус менен жүк ташуучу унаа кагылышып кеткен. Натыйжада эки айдоочу тең набыт болушкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, автобуста 46 жүргүнчү болгон.
Ооруканага жаткырылгандардын бешөө - жаш балдар. Красноярск аймагынын губернатору Виктор Толоконский 23-июлду "Жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү" деп жарыялады.