Алмазбек Атамбаев кыргыз жеринде негизги автожолдорду куруп жаткан кытайлык компаниянын башкы директору менен жолугушту

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 22-июлда кытайлык "Сhina roadand bridge corporation" компаниясынын жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча башкы директору Лу Шань менен жолугушту. Президентке аталган компаниянын иштери: Бишкек-Балыкчы-Казарман альтернативдүү автомобиль жолунун, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана, Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там автожолдорунун курулушун жана Бишкек шаарынын көчөлөрүн реконструкциялоо боюнча маалымат берди.

Лу Шань аталган компания быйыл Ысык-Көлдү айландыра салынчу автожолдун жана Түп-Кеген жолунун курулушунун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемелерин акысыз негизде бүтүрүп берет деп кабарлады. Бишкекте компаниянын КМШдагы өкүлчүлүгүнүн башкы кеңсесин ачууну пландаштырып жаткандыгын да айтты.

Алмазбек Атамбаев компаниянын өкүлдөрүнө курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаргандыгы үчүн ыраазычылык айтып, мындан ары дагы биргелешип иштешүү ниетин билдирди.

Мамлекет башчысы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана транспорттук коридорлорду куруу региондордун жана жалпы өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан