Ысык-Көлгө чөгүп кеткен казак жаранынын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 23-июль күнү саат 13:30 чамасында Түп районунун Ысык-Көл айылында болгон. Анда 1956-жылы туулган Ибрагимжан Сабиров Ысык-Көлгө түшүп жатканда чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, 4,5 метр тереңдиктен жансыз денени алып чыгышып туугандарына өткөрүп беришкен.